Нарында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Бөлүшүү:
Бүгүн 11:05те Нарында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ак-Талаа районунун Терек, Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 баллга, Ак-Чий, Баетов айылдарында 3 баллга жана Байгөнчөк айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/narynda-kch-45-ballga-zhetken-zher-titir-kattaldy
Добавить комментарий ×