Нарындын Ак-Талаа менен Ат-Башы райондорунда катуу шамал үйдүн чатырларын учурду
Ак-Талаа районунда 2020-жылдын 25-май күнү саат 19:30 чамасында Терек, Баетов, Кайыңды-Булак, Байгөнчөк, Үгүт айылдарында ылдамдыгы болжол менен секундасына 20 метрге жеткен шамал катталган, шамалдын кесепетинен Баетов айылынын Манас көчөсүндө кийим-кечек саткан "Манас", азык-түлүк саткан "Алинур" жана "Минутка" ашканасынын чатырларын учуруп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ак-Талаа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуунун комиссиясы жеринде тактоо иш-чараларын жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
26-май күнү Жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.
Ат-Башы районунда 25-май күнү саат 18:00 чамасында Ат-Башы районун аймагында ылдамдыгы болжол менен секундасына 25-27 метрге жеткен шамал катталып, шамалдын кесепетинен Ак-Жар айылындагы Маданият үйүнүн 192 чарчы метр чатырын, ошондой эле Жаркынбаев №103 дарегинде жайгашкан сарайдын 72 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.
Ак-Талаа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иш-чараларын жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
26-май күнү кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/narynda-katuu-shamalda-chatyrlar-uchtu
Добавить комментарий ×