Нарында карыяны коркутуп, видеого тарткан эки адамга иш козголду

1 июнь 2021 14:36 2556 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 1-июнда Нарында карыяны коркутуп, видеого тарткан 27 жаштагы Ж.А. менен 28 жаштагы М.М. аттуу адамга иш козголду. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Бүгүнкү күндө шектүүлөргө Кочкор РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 170-беренеси (“Адам уурдоо”) боюнча сотко чейинки өндүрүш жана териштирүү иштери жүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, соцтармакта автоунаанын ичинен “колу-бутун байлап, талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз” деп карыяны коркуткан видео тараган. Маалым болгондой, окуя Кочкор районунда болгон.

Кечээ, 31-майда, Нарын облустук милиция аксакалды коркуткандар кармалганын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/narynda-karyyany-korkutup-videogo-tartkan-eki-adamga-ish-kozgoldu



Добавить комментарий