Нарында эл тынчтык митингине чыгышты
Бүгүн, 5-сентябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун начардыгына нааразы болгон 6 айылдын тургундары райондук администрациянын алдына тынчтык митингге чыгышкан. Бул тууралуу социалдык тармакта жарыяланды.
Маалым болгондой, Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Чолок-Кайың, Коңорчок, Кара-Бүргөн жана Ак-Чий айылдарынын жергиликтүү тургундары райондук мамлекеттик администрациянын алдына чогулуп, аталган жолго асфальт төшөлүшүн жана жакынкы аралыкта өкмөт башчы менен Транспорт жана жолдор министри келип элге жолугушуусун талап кылышкан. Алар менен район акими Нурбек Молдокадыров менен райондук жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков жолугушту.
Митингге чыккандар аталган таштак жолдун кесепетинен унаалар кагышып, жол кырсыктары болуп жаткандыгын, ооруган адамдарды ооруканага жеткирүү кыйынчылык туудурарын, унаалар бузулуп, айдоочулар чыгым тартып жаткандыгын билдирип өтүштү. Андан сырткары, Кош-Дөбө айылынын Ала-Буга суусундагы чоң көпүрө кулап калуу коркунучунда тургандыгын, Кара-Бүргөн айылындагы Жаман-Даван суусундагы чоң көпүрөнүн алдыңкы бөлүгү түшүп калгандыгын, ошондой эле Ак-Чий айылындагы Мыкаачы-Суу суусундагы көпүрө селден улам кыйрап, жолдун алабы тар болуп калгандыгын айтып, бул көпүрөлөрдүн оңдолушун талап кылышкан.
Район акими Молдокадыров ушул келерки дүйшөмбү күнү өкмөт башчыга жана министрге барып, айтылган талаптарды жеткирерин, андан соң элдерге жооп берерин айтты. Тургундар 14 күндүн ичинде жооп болушун талап кылып, тарап кетишти.
Ссылка: https://barometr.kg/narynda-el-tynchtyk-mitingine-chygyshty
Добавить комментарий ×