Нарында 5 балалуу жалгыз бой энеге 4 бөлмөлүү үйдү белеке беришти
24-сентябрь Нарын облустук казыяты Нарын шаарынын РТС аймагында жайгашкан аз камсыз болгон, 5 балалуу жалгыз бой эне Айзаада Өмүракуновнага 4 бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды.
Маалым болгондой жалгыз бой энеге Нарын облусунун казысы Мамбетасан демилгеси менен колдоо көрсөтүлүп, демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашып, үй-бүлөгө заманбап ак өргө курулуп берди.
Турак үйдүн узуну 11 метрди, туурасы 12 метрди түзүп, ичинде жуунуучу жай, даараткана, жылуулук системасы бар. Ошондой эле Нарындын суук климатына ылайыкталган жылуу эшик-терезелер кошо орнотулган. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталган курулуш иштери азыркы учурда дээрлик жыйынтыкталып калды.
Турак үйдүн ачкычын тапшыруу аземине Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботаканов, диний кызматкерлер, жеке ишкерлер, демөөрчүлөр жана кайрымдуулук фондунун кызматкерлери катышты.
Ссылка: https://barometr.kg/narynda-5-balaluu-zhalgyz-boj-enege-4-blml-jd-beleke-berishti
Добавить комментарий ×