Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы карызын төлөбөгөн абоненттердин жарыгы өчүрүлөт
Кийинки жума, 24-августтан тарта, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы электр энергиясына карызы бар пландалууда. Бул туурасында "Чыгыш электр" ишканасына таянып “Барометр” билдирет.
Ага ылайык, 1-августка карата дебитордук карыздардын суммасы Ысык-Көлдө 52,6 миллион, Нарын облусунда 46,7 миллион сомдон ашып, жалпы карыз 99,4 миллион сомго жеткен.
"Коронавирус илдетине байланыштуу март айынан тарта өкмөт тарабынан төлөмдөрдү аткарууну үч айга токтото туруу чечими кабыл алынган. Бүгүнкү күндө "Чыгыш электр" ишканасы дебитордук карыздардын кесепетинен каржылык чыгымга учуроодо. Бул күз-кыш мезгилдерине сапатсыз даярдык көрүүнүн негизги себеби болушу ыктымал. Андыктан электр энергиясы үчүн карыздарды кечиктирбей төлөп турушуңуздарды суранабыз", — деп кайрылды ишкана.
Төлөмдөрдү райондук электр тармактары, почта, терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу аткарууга болору эскертилди
Ссылка: https://barometr.kg/naryn-zhana-ysyk-kl-oblustaryndagy-karyzyn-tlbgn-abonentterdin-zharygy-chrlt
Добавить комментарий ×