Нарын шаарына апрель айынын аягына чейин эч ким киргизилбейт

16 апрель 2020 15:14 2994 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Катталган жери Нарында болуп, бирок учурда башка аймактарда жүргөн жаранда өзгөчө абал аяктаганга чейин шаарга киргизилбейт. Бул тууралуу Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын коменданты Уланбек Аалиев маалымат жыйында билдирди.

“Катталган жери Нарында бирок өздөрү башка аймактарда жүргөн жарандар учурдагы кырдаалга байланыштуу шаарга 30-апрелге чейин кире алышпайт. Бул чектөөлөр элдин саламаттыгы үчүн болуп жаткандыгын түшүндүрүп жатабыз", - деди ал.

Аалиев ошондой эле, 15-апрелден тартып Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна Өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилгенин кошумчалады.

“Бир сутка ичинде коменданттык саат убагында кечки 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин Нарын шаары боюнча 8 жаран тартип бузду. Алардын ичинен 6 жаран мас абалында коомдук жайларда жүргөндүгү үчүн тиешелүү айып пул салынды", - деди комендант.

Андан сырткары ар бир айылдан атайын автоунаалар өткөрмө кагаздары менен бөлүнөт. Алар дары-дармек, тамак-аш азыктарын ташыйт.

Ссылка: https://barometr.kg/naryn-shaaryna-aprel-ajynyn-ayagyna-chejin-ech-kim-kirgizilbejt



Добавить комментарий