Нарын облусунун дарыгери ооруканадагы абал тууралуу айтып берди (Видео)

13 июнь 2020 13:15 804 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын дарыгери COVID-19 илдети менен ооруган бейтаптар тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

 “Биздин бригада Терапия госпиталында  27-майдан бери эмгектенип жатабыз. Коронавируска чалдыккан 31 бейтапты даарыладык. Аларда вирустун жеңил жана орто формалары болду. Алардын арасында 2 медицина кызматкери да даарыланды. 9-июнда акыркы 12 бейтаптан алынган анализдер таза чыгып, үйлөрүнө чыгарылды” – деп дарыгер билдирди.

Бирок, бугүнкү күндүн маалыматына ылайык жаңы 5 учур катталды. Алардын экөө медицина кызматкери.

Ссылка: https://barometr.kg/naryn-oblusunun-darygeri-oorukanadagy-abal-tuuraluu-ajtyp-berdi-video



Добавить комментарий