Нарын облусунун аймагында ӨКМ тарабынан дезинфекция иштери уланууда

29 апрель 2020 11:56 1197 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде КР ӨКМнин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан өткөн сутка ичиндеги дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

2020-жылдын 28-апрель күнү Нарын облусу боюнча 18 398 чарчы метр имараттын ичи жана сырты, 122 500 погондук унаа жолдор залалсыздандырылган. Иш-чарага 6 техника жана 19 куткаруучу кызматкер тартылган, жумуш улантылууда.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чара ӨКМ тарабынан республиканын бардык аймактарында күн сайын аткарылууда.


Ссылка: https://barometr.kg/naryn-oblusunun-ajmagynda-km-tarabynan-dezinfekciya-ishteri-ulanuuda



Добавить комментарий