Нарын областында жер титирөө катталды

2 апрель 2019 10:57 1133 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуттук илимдер академиясынын  Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 2-апрель күнү саат 07:41де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жер титирөө Нарын шаарында жана Нарын районунун Жер-Көчкү жана Өрүк-Там айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/naryn-oblastynda-zher-titir-kattaldy



Добавить комментарий