Наристенин төрөлгөнүнө 6 ай өтсө, анда сүйүнчү пул берилбейт
Эгер ымыркайдын төрөлгөнүнө 6 ай өтсө, анда ага мамлекет тарабынан сүйүнчү берилбейт. Бул тууралуу социалдык камсыздоо департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта “Пособиялар жөнүндө” мыйзамына толуктоолор киргизилди.
Ага ылайык, “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдү алуу үчүн ата-эне баласына 6 ай толо электе кайрылышы керек. Өзгөртүүлөр киргизиле электе, бул мөөнөт 1 жылга барабар болчу. Андыктан, ата-энелерге жарым жылга чейин арыз менен кайрылуу сунушталат.
Белгилеп кетсек, материалдык абалына карабай, ар бир балалуу болгон үй-бүлөгө мамлекет тарабынан 4 миң сомдон сүйүнчү пул берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/naristenin-trlgnn-6-aj-ts-anda-sjnch-pul-berilbejt
Добавить комментарий ×