Ошто кош бойлуу келиндин айына жете элек баласы ажатканага түшүп кеткен

9 август 2023 10:33 1127 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошто кош бойлуу аялдын айына жете элек баласы ажатканага түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Такталган маалымат боюнча, Амир-Тимур кичи районунун жашоочусу 2002-жылы туулган келин ажатканага барган учурда мөөнөтүнөн мурда 7 айлык баласы төрөлүп, ажаткананын ичине түшүп кеткен.

“Жерине КР ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, наристенин сөөгүн алып чыгып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, - деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-kosh-bojluu-kelindin-ajyna-zhete-elek-balasy-azhatkanaga-tshp-ketken



Добавить комментарий