Актёр Эрмек Таалайбековдун жубайы кош бойлуу

26 июль 2023 14:59 2792 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тама шоу аркылуу элге таанылган актёр Эрмек Таалайбековдун жубайы блогер Бекзада Жолборс кош бойлуу. Бул тууралуу жубайлар соцтармактагы баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, жубайлар көптөн бери наристелүү болууну күтүп жүрүшкөн.

“Жашообуздагы жакшы жаңылыкты сөз менен айтып жеткизе албай жатам. Ар бириңиздеге биз үчүн дуа кылып, колдоо көрсөтүп, жылуу сөз айтканыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ар бир үйдө балдардын күлкүсү жаңырып турсун”, -деп жазды Бекзада Жолборс. 

Белгилей кетсек, жубайлар 2017-жылы баш кошушкан. 


Ссылка: https://barometr.kg/kp-kttrgn-nariste-aktyor-ermek-taalajbekovdun-zhubajy-kosh-bojluu



Добавить комментарий