Ошто 21 жаштагы келин үч эм төрөдү

25 июль 2023 14:28 972 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарында 21 жаштагы келин үч эм төрөдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, наристелер 22-июнь күнү жарык дүйнөгө келишкен. 

“22-июлда Ош шаарындагы Перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм, эки уул жана бир кыз төрөлдү. Биринчи наристе (эркек) 1 200 г салмакта, экинчи наристенин (кыз) салмагы 1 350 г, үчүнчү наристенин (эркек) салмагы 1 280 г болуп төрөлгөн.

Бул Ош облусунун Чоң-Алай районунун 21 жаштагы тургунунун биринчи төрөтү. Төрөт мөөнөтүнөн эрте, 30-жумада болгон.

Ош шаарынын саламаттыкты сактоо координатору Эрмек Нурунбетовдун маалыматы боюнча, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы туруктуу жана алар үйлөрүнө чыгарылды”, -деп айтылат маалыматта. 




Ссылка: https://barometr.kg/oshto-21-zhashtagy-kelin-ch-em-trd



Добавить комментарий