Нариман Түлеев: Тарыхый күн келди! Жогорку сот мага карата чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарды
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев ак жеринен айыпталып, темир тор артына олтуруп келгенин айтып, эми соттун чечими менен толук акталып чыгарына аз калганын айтты. Бул тууралуу Түлеевдин соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Урматтуу достор!
Мен сиздерге жакшы жаңылыкты айткым келет, 2012-жылдан бери мен акыйкаттык үчүн күрөшүп, бардык сыноолорду башыман өткөрүп, темир тор артында отурдум, көптөгөн кыйынчылыктарга туш болдум. Мен атамдан жана апамдан айрылдым, быйыл дагы коронавирустан агамды жоготтум, анын ден-соолугу ушул жылдарда начарлап кетти.
Анан ар дайым мен адилеттүүлүккө мыйзамдуу жол менен жетем деп айтканмын. Күнөөсүз жигиттер үй-бүлөсүнөн алыс, темир тор артында жатып калбасын деп, Жогорку соттун чечиминен кийин, мага жазылган зыяндын толтурдум, бирок ошондо дагы мен өз күнөөмдү мойнума албаганымды айттым. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин, мен күрөштү токтоткон жокмун, биз сотко кайрылып, күнөөсүз экенибизди далилдедик, эми акыры, тарыхый күн келди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту бир нече айдын ичинде иштин бардык жагдайларын изилдеп чыгып, үч инстанциянын – Ленин райондук сотунун, шаардык жана Жогорку сотторунун айыптуу өкүмүн жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарды жана аларды жаңы кароого жиберди. Атамбаевдин кишилери тиккен иш тизеге кулап түштү! Жаңы кароодо, биз, Кудай буюрса, дагы бир жолу күнөөсүз экенибизди далилдейбиз.
Ушул жылдар аралыгында мени акыйкаттыкка жетем жана ар-намысымды калыбына келтирем деген үмүттү жылуу сөздөр менен колдоп келишкен бардык жазылуучуларыма терең ыраазычылыгымды билдирем. Мени аягына чейин күрөшүүгө шыктандырган сизсиз. Баарыңарга рахмат”, - деген билдирүү калтырды Түлеев.
Эске сала кетсек, Нариман Түлеев "Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген" деп соттолгон. 11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланган.
Белгилүү болгондой, Түлеевге тагылган айыптоолор саясий мүнөзгө ээ болгон. Түлеев Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда анын буйругу менен соттолгонун тастыктоодо.
Добавить комментарий ×