Нариман Түлеевдин уулу «Дос-Кредобанктын” 14 пайыз акциясын сатып алды
«Дос-Кредобанк» ачык акционердик коому 6-августта аталган банктын саны 116 213 экземпляр болгон жөнөкөй акцияларын Нариман уулу Бакытка сатканын билдирди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалганын “Барометр” кабарлайт.
Аталган көлөм банктын уставдык капиталынын 14,22 пайыздык үлүшүн түзөт.
Мурдагы мэр Нариман Түлеевдин уулу Нариман уулу Бакыт «Дос-Кредобанк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп саналат.
Анын акция сатып алганга чейинки үлүшү канча болгону белгисиз.
Эскерте кетсек, Нариман уулу Бакыт “Дос-Кредобанк” ачык акционердик коомунда 2021-жылдан тартып иштеп келе жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/nariman-tleevdin-uulu-dos-kredobanktyn-14-pajyz-akciyasyn-satyp-aldy
Добавить комментарий ×