Үсөнбаев: Кыргыз-Түрк ооруканасы коронавирустун орточо оор формасындагы бейтаптарды кабыл ала баштады

6 июнь 2020 12:24 1048 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев, Кыргыз-Түрк ооруканасы  коронавирустун орточо оор формасы менен жабыркаган бейтаптарды кабыл ала баштаганын айтты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

 «Ооруканада 72 койко-орун даярдалып, анын 12си интенсивдүү терапия палаталары. Жалпысынан  35  медициналык кызматкер тартылып, алардын арасында кардиолог, пульмонолог жана реаниматолог дарыгерлери бар. Жаңы оорукана бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган», - деди  Н.Усенбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/n-snbaev-kyrgyz-trk-oorukanasy-koronavirustun-ortocho-oor-formasyndagy-bejtaptardy-kabyl-ala-bashtady



Добавить комментарий