Үсөнбаев: Кыргыз-Түрк ооруканасы коронавирустун орточо оор формасындагы бейтаптарды кабыл ала баштады
Поделиться в:
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев, Кыргыз-Түрк ооруканасы коронавирустун орточо оор формасы менен жабыркаган бейтаптарды кабыл ала баштаганын айтты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
«Ооруканада 72 койко-орун даярдалып, анын 12си интенсивдүү терапия палаталары. Жалпысынан 35 медициналык кызматкер тартылып, алардын арасында кардиолог, пульмонолог жана реаниматолог дарыгерлери бар. Жаңы оорукана бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган», - деди Н.Усенбаев.
Добавить комментарий ×