Мырзалардын телефон чалбай, SMSке жооп жазбай жатышы эмнеге байланыштуу болот?

15 ноябрь 2022 11:50 5369 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Психолог жана жазуучу  Дмитрий Сорок эмне үчүн эркектер телефонго кабарлама жазбай калышы мүмкүн деген суроолорго жооп берет.  Бул тууралуу чет элдик басылмаларга шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Экинчи тараптын байланышка чыкпай же кабарламага жооп жазбай коюшу адамдын тынчын кетирет. Тынымсыз күтүү  кимди болбосун чарчатып жиберет.Ушундай абала калсаңыз эмне кылуу керек?

Мындай учурда токтоп ойлонуңуз.Унчукпай коюунун себептери чыны менен көп нерсеге байланыштуу болушу ыктымал жана баары эле сиз ойлогондой жаман нерсе болбошу мүмкүн.Төмөнкү себептерди карап чыгып бир бүтүм кылсаңыз болот.

Жумушу көп

Кандай кылсаңыз да жашоодо иштин көп болуп жатышы деген түшүнүк жашайт. Ишкер мырзаларга келе тургун болсок бул ого бетер эки эсе көп кездеше турган көрүнүш.Иши көп эркек иштейт, ал досу менен телефондон сүйлөшүп отурбайт, ар бир беш мүнөт сайын тамеки чекпейт, социалдык түйүндөрдү же болбосо мессенджерди чукулап отурбайт. Ал жумуштабы башкасы экинчи пландагы нерсе болуп саналат. Эмгекчил эркектерге же ишкерлерге турмушка чыккан аялдар бул эмне экенин даана түшүнүшөт. SMSке жооп берүүнү да ал эркинирээк убакытка жылдырат.

Аялы бар

Бул себеп жагымсыз, бирок өзүнүн чыныгы абалын жашырып жаткан эркектер үчүн реалдуу көрүнүш. Айрыкча эс алуу күндөрү жана кечинде эркектердин телефонго жооп бербей жатышы күмөн жаратышы керек.

Игнор

Экинчи тараптын жооп бербей жатышынын элементардык жана эң эле жөнөкөй себеби бул сизге карата эч кандай кызыгуу жок экенин билдирген белги болушу ыктымал.Сиз аны анча кызыктырган жоксуз жана анын жашоо турмушундагы башкы фокустардын бирине айланган жоксуз.  

Ойноп жатат

Селкинчек деген принципти уктуңуз беле?  Адегенде сиз аны өзүңүздөн түртөсүз. Андай убакытта алар абдан тез жана эч кандай күч колдонуусуз эле жакындап келишет. Заманбап дүйнөдө бул принцип бири-бирин манипулация кылыш үчүн колдонулат. Сиз эркекке кабарлама жиберсеңиз же телефон чалсаңыз ал атайлап эле узак убакыт жооп бербей, өзүнүн маанилүү жана керек экенин билгизгизи келет. Ага кошумча сиз капаланып тынчыңыз кетип кайрк кайра чалып баштасаңыз селкинчек принцибине түшүп калганыңыздын белгиси. Жакындаганда кача, качып кетсе кубала деген принципти эркектер да аялдар өз мамилелеринде көп колдонушат.

Ошондой эле эркектер түшүнүксүз СМСтерге, жоопту узак жазыш керек болгон кабарламаларга дагы жооп бербей коюшу ыктымал. Ошондуктан айымдар мамилени башталышында бул белгилерди эске алып койгону жакшы.

 

Ссылка: https://barometr.kg/myrzalardyn-telefon-chalbaj-smske-zhoop-zhazbaj-zhatyshy-emnege-bajlanyshtuu-bolot



Добавить комментарий