Мырзалардын ден соолугуна абдан пайдалуу кеңештер

20 декабрь 2019 11:51 17814 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эркектин турган турпаты, кылк мүнөзү, тышкы келбети анын ички дүйнөсүн кабарлап, ал жөнүндө маалымат берип турат. Чыныгы эркектик касиетти сактап узак убакыт өмүр сүрүү бул дагы өзүнчө жетишкендик. Эркектин жыныстык жашоосунун мыктылыгы көп маселени чечүүгө өбөлгө түзүшү талашсыз. Эркектин жашоо шарты, ичкен- жегени, айлана чөйрөсү, иштеген иши, сүйлөшкөн кыздары баардыгы жыныстык жашоосуна өз денгээлинде таасирин тийгизет.

Эркектин жыныстык жактан жашоосу бузулуп, эркек мүчөсү алсыз болуп калуудан кооптонуп, алдын алуу эрежелерин сактоо зарыл. Капысынан сыркоолоп калган эркек мүчө мырзанын жүрүм-турумуна, мүнөзүнө, ден соолугуна түздөн түз таасир тийгизгендиктен, адамдын психологиясын өзгөртөт.

Эң башкысы активдүү жашоо образын тандап, сергек жүрүү керек. Спорт менен дайыма дос болуп, денени өз сынынан кетирбестен чымыр кармоо керек. Спортсменге тең тайлаш болуп магышып кыйналбастан, жөн гана өзүңдү ишеничтүү, дене түзүлүшүңдү формасында алып жүрүү үчүн гана күнүмдүк кыймылдар негизги ролдо турушу керек. 

Баардыгы ойдогудай, кыздар үчүн баары даяр кезде баш аламан жыныстык катнаштан алыс болуу зарыл. Мындай баш аламандыктын кесепетин эркектик мүчө кийинчерээк азабын тартышы мүмкүн. Жыныстык катнаштан кийин мүмкүн болсо өздүк гигиенаны сактап коюу керек. Бул өзүңө жана жаныңдагы айымга дагы жагымдуу болуп, кийинки кумарга даярдык болуп калат. Эркектик мүчөнүн ден соолугу канчалык денгээлде мыкты болсо, өнөктөш айымынын ден соолугу дагы ошол мүчөгө байланыштуу. Өтө узак убакытта жыныстык катнашта болбой жүрүүдөн алыс болуп, убагы келгенда эркектин мүчөнүн талабы менен катнашка келип,  дайыма секс өнөктөшүңдүн болушу талап. Эркектик мүчө дагы машыгып, өз калыбында болуп турушу керек.  Тар жыныстык зоналарды кыскын кийимдерди кийип жүрүүдөн алыс болуп баш тартуу зарыл. Жыныс мүчө дайыма эркин дем алып, эркин болушу талап.  Сууктан сактануу керек. Сезонго жараша кийинип, жыныстык маселени каалабайсыңбы?, буттун таманынан сыз өтүүдөн сактан. Жашың өтүп бара жатса стресстен сактан. Ачуулануудан өзүңдү сактап, маселенин жакшы гана жагын ойлон. Үй бүлөң, жакындарын менен көбүрөөк алаксып эки жакка көп чык. Жөн гана жөө басып келүү, бир кыйла маселени чечип коюушу мүмкүн.

Бул режимдерди сактап жүрүүгө аракеттенсең эркектик потенцияң дайыма калыбында болуп, күчтүү эрекция жана ишеничтүү жыныстык катнаш болот.

Ссылка: https://barometr.kg/myrzalardyn-den-sooluguna-abdan-pajdaluu-keeshter



Добавить комментарий