Мырзалардын 50 пайызы 50 жашка чейин эмнеге таз болуп калышат?
Чачтын кескин суюлушу же баштын айрым жери же бүт такырланышы жана кары кишилерде чачтын түшүүсү алардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша теринин өзгөрүлүшүнө байланыштуу жана чачтын агаруусу сыяктуу эле физиологиялык көрүнүш. Бул тууралуу "Барометр" адистердин сунуштарына таянып билдирет.
Эрте чачтын түшүүсү бардык эле курактагы адамдарда кезигет.
Ал өзгөчө ден соолуктун бузулушуна байланыштуу болот
Мында чач, каш, кирпик, сакал, мурут жана колтук жүндөрү түшөт. Мындай чачтын түшүүгө негизинен себорея оорусу себеп болот. Өзгөчө балдарда айрым жугуштуу оорулардан (сасык тумоо, безгек, дизентерия жана башкалар) кийин, витамин жетишсиздигинде (өзгөчө А, С, В1, В6), ичеги-карын, боор, калкан бездин, нерв системасынын өнөкөт ооруларында байкалат.
Өтө чарчоодо, уйку качууда, окуучуларда экзамен учурунда чач күчөп түшөт.
Аялдарда чачты катуу тартып байлаганда, чачты асемдеп тараганда чач көбүрөөк түшөт. Эркектерде эрте чачтын түшүүсү көп байкалат, адегенде маңдай жана төбө чачы, кийинчерээк чачынын баары түшөт.
Мындай чачтын түшүүсү көбүнчө бир туугандарда байкалат жана баш терисинин тукум куума өзгөчөлүгүнө (калыңдыгы, кан менен камсыз болушу) байланыштуу болот. Айрым учурда чач тегерек болуп такырайып түшөт.
Ага нерв, эндокрин системасынын бузулушу, организмдин жалпы уулануусу (тиштин чириши, тонзиллит, гайморит жана башкалар өнөкөт инфекциядан) себеп болот. Анда капысынан 10 тыйындын тыйындын көлөмүндөй тегерек так байкалат.
Такыр жер улам чоңоёт. Айрым учурда чачтын баары түшүп, баш бүт такыраят. Оорунун мындай формасы өнөкөт түрүндө өтөт жана оңой менен айыкпайт. Айрым учурда дарыны узакка пайдалануудан, чачты туура эмес күтүүдөн да чач түшөт. Оорунун алгачкы белгилери билинээри менен дарыгерге а кайрылуу керек. Дарылоо чачтын түшүүсүнүн себебине жараша жүргүзүлөт. Адатта чачтын түшүүгө себеп болгон негизги ооруну таап дарылаганда чач калыбына келип өсө баштайт. Жеткиликтүү, витаминдүү (өзгөчө А, С, В) тамактануу, ден соолукту чыңдоо, убагы менен сейилдөө, таза абада эмгектенүү, чачтын калыбына келүүсүнө, туура өсүүсүнө түрткү берет.
Статистикалык маалыматтарга таянсак, мырзалардын 50 пайызы 50 жашка чыкканга чейин таз болуп калууга жетишишет. Булардын үчтөн бир бөлүгү 30 жаштан баштап эле түшө баштайт. Айрымдары муну табигый көрүнүш катары гана түшүнүшү мүмкүн.
Чачтын түшүүсүнө төрт негиз себеп болот:
- Андрогенная алопеция (таз болуу) - Бул абдан кеңири тараган жолу.
- Травмалык алопеция - Механикалык факторлордун тийгизген таасиринен түшөт.
- Дарылык алопеция - Кайсы бир күчтүү жана гормоналдык дарыларды ичкен мезгилде.
- Очоктуу алопеция – таз болууда чачтын кээ бир жерлери гана түшө баштайт. Муну калыпка салуу жеңилирээк.
Чачтын түшүү себептери
Мырзалар негизинен эки себеп менен таз болууга кабылышат. Биринчиси тукум куучулук, экинчиси эркектик гормоналык активдүүлүктүн ашыкча болушу, тактап айтканда бөлүнүп чыгуу абалы азайган убакта.
Ал эми, чач негизинен талапка ылайык, күнүнө 40-100 даана чейин түшөт.
Бекем жана көрктүү чачка ээ болгон адамдырдын ден- соолугу мыкты экендигинен кабар берет. Эгер чачыңыздын көркү кетип көп түшө баштаса цинк, селена, жез, кальцийдин деңгээлин текшертип коюу ашыкча болбойт.
Сизде мындай көрүнүштөр байкалса сөзсүз атайын дерматологго кайрылыңыз.
Ссылка: https://barometr.kg/myrzalardyn-50-pajyzy-50-zhashka-chejin-emnege-taz-bolup-kalyshat
Добавить комментарий ×