Окумуштуу: Чач боёктун курамында рак ооруусуна алып келүүчү күчтүү химикаттар бар

18 сентябрь 2020 14:20 1250 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Заманбап жашоодо аялдар дагы, эркектер дагы чач тарачка көп барышат. Учурда аялдардын дээрлик көпчүлүгү чачтарын боёп жүргүсү келет. Бирок чачты бат-баттан боётуу рак оорусун жаратышы мүмкүн экендигин Германиянын окумуштуулары айтып чыгышты. Бул тууралуу Frankfurter Rundschau басылмасына шилтеме берип “Барометр” которду.

Буга чейин, илимий изилдөөлөр рактын көбөйүү коркунучу жөнүндө бир нече жолу эскертип келген. Чач боёктун курамында рактын пайда болушуна алып келүүчү күчтүү химикаттар бар. Жада калса Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму чачты боёонун зыяндуулугу жөнүндө эскертип, чачтын узак мөөнөткө боёлушу рак оорусунун себеби болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Окумуштуулар 117 200 аялдын маалыматтарын анализдешкен. Маалыматтар 36 жыл аралыгын камтыйт.

Изилдөөнүн натыйжалары British Medical Journal журналына жарыяланды. Алардын айтымында, чачтын тез-тез боёлуп турушу рак шишигинин пайда болушуна сейрек учурларда гана кездешиш мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен.

Изилдөө үчүн окумуштуулар америкалык медайымдардын отуз жыл бою маалыматтарын топтошкон. Ева Шернхаммер дагы изилдөө тобунун мүчөсү болгон. "Бул перспективдүү изилдөө чач боёкторун колдонуу рак тобокелдигинин жогорулашы же өлүмдүн көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн деген күмөн саноолорго бир аз гана дал келиши мүмүкүн", - дейт ал.

“Чач боёчу каражаттар адамдын ден-соолугуна зыян келтирбейт деп толук айталбайбыз. Туруктуу жана өзгөчө катаал чач боёкторду колдонуу менен базалдык клеткадагы рак, Ходжкиндин лимфома, эмчек гормонунун рецептордук терс рагы жана энелик бездин рак оорусунун көбөйүү коркунучуна алып келиши мүмкүн”, - деди илимпоз Шернхаммер.

Изилдөөнүн натыйжасында дагы бир мүмкүн болгон байланыш аныкталды: боёктон улам рак оорусунун пайда болуу коркунучу чачтын табигый түсүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Кара чачтуу аялдар Ходжкиндин лимфома оорусуна көбүрөөк кабылышкан. Изилдөөгө ылайык, чачы сары аялдарда тери рагынын эң көп кездешкен түрү болгон базалдык клеткалуу рак оорусуна чалдыгуу коркунучу жогорулаган.

Ошентсе да, изилдөөчүлөр чогултулган маалыматтарда жалаң гана америкалык аялдар жөнүндө маалымат бар экендигин белгилешти. Изилдөөнүн натыйжалары адамдардын башка топторуна тиешелүү эмес болушу мүмкүн, деп жыйынтыктайт макаланын автору.

Ссылка: https://barometr.kg/ilimpoz-chach-boyoktun-kuramynda-rak-ooruusuna-alyp-kelch-kelch-kcht-himikattar-bar



Добавить комментарий