2021-жылдын модасы. Стилисттер кыздардын сүйүктүү өңүнө айлана турган 5 түстү атап беришти

6 январь 2021 10:13 2571 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык Health журналы маектешкен эксперттердин айтымында, чачтын табигый эмес түстөрү 2021-жылы модада болот. Бул тууралуу аталган журнал жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маселен, Clairol professional жана Wella Colorcharm компанияларынын башкы стилисти Оливер Адамс 2021-жылы бозгуч көгүш чачтар модага айланат деп ырастайт.

"Адаттан тыш, экзотикалык чач түстөрүнүн модасы улана берет, бирок 2021-жылы мода бозомтук, боз жана көк сыяктуу түстөргө карай өзгөрөт", - деди Адамс Американын Health журналына берген маегинде.


Алтын түстүү

Чачтарач Фредерик Феккай, айрыкча, чачыңыз тармал болсо, анда 2021-жылы алтын түстү чачты сунуштайт. Журналга берген маегинде ал бул түс бетти сергитет жана тармал чач жасалгага басым жасайт деди.


Кызыл винонун өңүндөй чач

2021-жылы кызыл шараптын өңүндөй чач модага айланат. Оливер Адамсга ачык түстөгү чач боектор жагарын айтты. Мисалы: кочкул кара алчанын өңүндөй, ачык кызыл жана кочкул күрөң түстүү чачтар.  "Табигый кызыл чачыңыз барбы же эксперимент өткөрүүнү каалаган брюнетка болсоңуз дагы, кочкул кызыл түстөр сизди сөзсүз сексуалдуу кылат", - дейт Оливер Адамс.


Бубак түшүп кеткендей түстөр

Фредерик Феккай кыска чачтуу айымдарды жаңы жылда бубак түстүү  (платиновый блондинка) өңгө өтүүнү үндөйт. Бул чачтын классикалык түсү эч качан модадан чыкпайт жана сиз көргүңүз келбеген боз чачтарды жашыруунун эң сонун жолу. Чачтар башка жасалгалар сыяктуу эле сиздин кийимиңизге кошумча көрк берет. Ал эми, узунураак чачтарга “балаяж” жасатууну стилисттер кеңеш беришет.


Лаванда түсү

Бул түс платиналык блондинкага караганда табигый мүнөзгө ээ болбогондуктан, Феккайдын айтымында, ал эң эр жүрөк адамга туура келет. Бул түс адамга сергектик тартуулап, өзгөчө деле чач жасалганы талап кылбайт. Андыктан, 2021-жылы дал ушундай өңгө өтүүнү каалап жүрсөңүз ойлонбостон чач тарачка бара бериңиз. Себеби сиз бул жылдын эң саркеч түсүнө чачыңызды боетосуз.

Ссылка: https://barometr.kg/2021-zhyldyn-modasy-stilistter-bul-zhylda-baardyk-kyzdardyn-sjkt-n-ajlana-turgan-5-tst-atap-berishti



Добавить комментарий