Мырзалар үчүн заманбап этикеттин 25 эрежеси

16 декабрь 2022 08:05 3727 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Этикетти билүү адамдарды жалпы урматтоонун атмосферасын түзөт, ким аны сактаса дайыма өз кадырын сактаган болот” деген учкул фраза эсиңиздеби?Көп учурда этикетти билбөө адамдын ийгилигине тоскоол болушу толук ыктымал. Заманбап дүйнө маданияттуулугуңуз менен өнүгүү деңгээлиңизди көрсөтө турган этикеттти сактооңузду дайыма талап кылат! Бүгүн barometr.kg сизге аларды сунуштайт.

1.Биринчи болуп кызматы, курагы жагынан кичүү адам саламдашат. Эркектер аялдарга биринчи салам берет.

2.Эркектер эч качан аялдын сумкасын көтөрбөйт.

3.Кызматы жана жашы жогору эркек биринчи болуп кол берет. Отурган жериңден кол берген болсо, туруп учурашуу керек.

4.Эркек лифтке биринчи болуп кирип, акыркы болуп чыгат

5. Тепкичтен түшүп бара жатканде эркек алдыга кетет, жогору чыгып баратканда аялдын артынан көтөрүлөт.

6.Телефон менен сүйлөшүп жатканда жаныңыздагылардан оолактоо керек болот.

7.Колу менен сөөмөй кезеп көрсөтүү адепсиздик болуп саналат, катуу каткырууга болбойт.

8.Коомдук транспортто улгайгандарга, кош бойлууларга, аялдарга орун берүү этикетти сактоо болуп саналат.

9.Кийим, бут кийим жана эркек өзү дайыма таза, тыкан жүрүүсү керек

10.Бирөөнүн акчасы, айлык акысы, дини жана башка тууралуу суроо туура эмес болуп саналат.

11.Көчөдө эркек кыздардын сол тарабында басканы туура.

12.Телефонду  кино, театр жана башка ушул сыяктуу эл көп жерде өчүрүп койгон туура

13.Кабинетке кирерде эшикти дайыма эле кага берүү милдеттүү эмес. Кирип уруксат суроого да болот, бирок башты биринчи киргизип көрүнүүгө болбойт.

14. Банкетте бокалды сол колго кармаган туура, оң кол менен бирөөлөргө учурашып калышыңыз толук ыктымал.

15.Башкаларды көзүнчө мас болуп алып ар кайсыны сүйлөп отуруу маданияттуу адамдын кылар иши эмес экенин эске алып, алкоголду эл көп жерде азыраак ичүү талап кылынат.

16.Имаратка кирерде арттагы кишини карабай каалганы тарс жабууга болбойт.

17.Бирөөлөр менен сүйлөшүп жатканда күндөн коргоочу көз айнекти чечип, наушникти алып коюу эң туура.

18.Алдын ала телефон чалып эскертпей бирөөгө жетип баруу туура эмес

19.Жанындагылардын уруксатын алып гана чылым чегүү керек

20.Сүйлөшүү маалында телефонду столдун үстүнө коюп коюу туура эмес.

21. Жолугушууга кечигип барган туура эмес көрүнүш.

22. Башка адамдарды ушактоо, сынга алуу туура эмес.

23. Телефон чалган адамдын колу бошпу тактап сурап анан сүйлөшүү керек.

24. Ар бир иш-чаранын талабына жараша кийинүү кажет.

25. Социалдык тармактар жеке мамилелерди ачыкка чыгарып талкуулай турган жер эмес экенин эске ала жүрүңүз!

 

Ссылка: https://barometr.kg/myrzalar-chn-zamanbap-etikettin-33-erezhesi



Добавить комментарий