Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку жолун тосуп калган кар көчкү тазаланып, жолдор ачылды
Бөлүшүү:
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолундагы түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып, жол ачылды деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Маалыматта айтылгандай, унаа жолду тазалоого №26 ЖТИден 2 жүктөгүч жана 1 бульдозер тартылып, бүгүн 13-ноябрда саат 13:45де жол каттамы толук ачылды.
Эске салсак, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолуна калыңдыгы 3000 метр кубду түзгөн кар көчкү жолду тосуп, унаалар өтпөй калган.
Добавить комментарий ×