Мыкы "уят" видеосу тууралуу тамашалардан чарчаганын айтты

26 февраль 2019 09:24 5340 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бираз убакыт мырда интернет булакьарына тараган Мыктыбек Мукаевдин "уят" видеосу коомчулука катуу талкуу жараткан. Ошол күндөн тарта интернет булактарында Мыкынын аты кошулган ар кандай "шылдың" кылган же болбосо тамашага алган видео роликтер же болбосо сүрөттөр токтобой жарыяланып келет.

Мыкы мындай иш-аракеттерден чарчаганын айтып чыкты.

"Эми эркек болгондон кийин эркектей эле болбойлубу жигиттер, качан эркек сөз ташычу эле? Акыркы кезде мага негативдүү, дөөдүрөгөн комментарий жазгандардын көбү юбкачан эркектер болду, мен силерден суранам бир нерсе жазаардын алдында ойлонуп жазгылачы. Андай негатив жазгандан силердин жашооңор оңолуп кетпейт, эл алдында авторитетинер көтөрүлүп кетпейт! Бир гана өзүңдүн кем акыл экениңди далилдейсиң! Андан көрө барып китеп окуп, аң сезиминерди кеңейтип. Өзүңөрдүн жашооңорду ойлоп, ошол кеткен убакытты башка жакшы нерсеге жумшагыла. Юмор кылам десеңер, кылгыла, ага сөз жок, бирок бир темага кайра, кайра эле мокок юмор кыла берсеңер, ал юморуңар кызыгы жок болуп калат! Ошондуктан эркектер эркекче эле, ушактан алыс бололу! Чыныгы эркектерди майрамыңар менен куттуктайм! Баардык катталуучуларымды сыйлайм, урматтайм, туура түшүнөсүңөр деген ойдомун!", -деп пост жазган Мыкыны бул жолу көпчүлүк колдоого алып жакшы пикирлерин жазып калтырышты.

Ссылка: https://barometr.kg/myky-porno-videosu-tuuraluu-tamashalardan-charchaganyn-ajtty



Добавить комментарий