Болочокто мыкты күйөө боло турган жигиттин 3 белгиси

28 сентябрь 2021 14:59 1903 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Көпчүлүк кыздар сүйлөшкөн жигити кандай адам болсо жакшы жолдош болору тууралуу суроого кызыгышат. Алар сүйлөшүп жүргөн учурда эле жакшы эркекти кантип аныктаса болот деген собол узатышат. Бүгүн barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен жигиттердин мыкты өмүрлүк жар болорун алдын ала биле турган үч өзгөчөлүгүн сунуштайт.

1.Туруктуулук

Канчалык жөнөкөй жана баналдуу айтылса дагы мамлелерде кандайдыр бир туруктуулук болуусу кажет. Эртең менен турган кезде адам сизге берген убадасын так аткара турганын билип туруу кандай жакшы сезим.

Мисалы, жигит сүйлөшкөн кызына 14-числодо саат 20:00дө киного алып кирүүнү убада кылса жана аталган сөзүнө турса жана турууга аракет кылса бул жакшы өзгөчөлүк. Эгерде шарты туура эмес келип калса алдын ала билдирет.

Жуптардын арасында сөзгө бекем туруу маанилүү. Айрыкча бул олуттуу чечимдерди кабыл алууда керек. Ал эми эмне күтүүгө боло турганын алдын ала билбеген жигиттер менен байланышып жаткан кыздар потенциалдуу жалганчылардын, альфонстордун же дагы башка инсандык бузулуулары мисалы, тирандык мүнөзү өнүккөн  жигиттердин курмандыктары болуп калышы мүмкүн.

2. Жоопкерчилик

Жалпысынан бул жогорудагы сапат менен эле үндөш нерсе.Бул үй-бүлө күтүүдө өтө маанилүү болгон кулк-мүнөздөрдүн бири болмокчу.Жоопкерчилик ала билген эркектер мамилеге да үй-бүлөгө да камкордук кылууга жөндөмдүү.Канчалык тең укуктуулук тууралуу кыйкырбайлы никеде ар бир жуптун өзүнүн орду бар. Эркек киши аял ала албаган жоопкерчиликти ала турган болсо анын болочоктогу жакшы өмүрлүк жар болууга шансы жогору.Өмүр бою “чоң баланы” багып жүргүңүз келбесе сүйлөшүп жүргөндө эле сөзүнө туруктуу жана жоопкерчилик ала билген жигит менен сүйлөшүңүз.

3.Башка адамдарга туура мамиле кылышы

Ушул өзгөчөлүккө көп кыздар көңүл бөлө бербейт.Кийин гана күйөөсү эмнеге мынчалык орой деп таң калышат.

Алгачкы бир эки жолугушууларда эле жигиттин башкаларга кандай мамиле кылаары көрүнөт. Мисалы ал официанттарга орой мамиле жасап жатабы, бой көтөргөн адаты барбы? Эгер андай болсо ал сизге дагы бара-бара кызматчысындай мамиле кылары бышык.

Жакындары менен көп тил табыша албай жаткан жигиттерден дагы абайлоо керек. Бул үй-бүлөлүк баалуулуктарды сыйлабасынын бир белгиси болушу мүмкүн.Достору ким жана алардын жигитиңизге таасири кандай аны дагы аныктап койгон ашыкса болбойт

Мунун баары майда-чүйдө белгилер бирок жигитиңиз менен олутуу мамиле түзүүгө киришип жатсаңыз сөссүз эске алынууга тийиш болгон өзгөчөлүктөр.

Талдаңыз, шашылбаңыз! Ошондо гана гарманониялуу үй-бүлө курууга шансыңыз жогорулайт.

Ссылка: https://barometr.kg/mykty-kj-bolo-turgan-zhigittin-3-belgisi



Добавить комментарий