Мыйзамдарды дүңүнөн кабыл алышты. Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга кетти
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы 29-июлда аяктады, депутаттар каникулга кетишти. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Сессиянын жүрүшүндө үч окууда конституциялык мыйзамдын долбоорлору болгон “Прокуратура жөнүндө”, “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы акыйкаттык иштери боюнча кеңеш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө”, “Соттук өзүн-өзү башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдар кабыл алынды.
Ошондой эле жаңы Кылмыш Кодекси, Кылмыш процессуалдык кодекси кабыл алынды.
Парламент фейктерден коргоо жөнүндө мыйзамды кабыл алды.
Депутаттар сентябрь айында кайрадан ишке чыгат.
Ссылка: https://barometr.kg/myjzamdardy-dnn-kabyl-alyshty-zhogorku-keeshtin-deputattary-kanikulga-ketti
Добавить комментарий ×