Улукбек Ормонов: Кодекске биз балдар ата-энесин сотко бере алат деп жазып койдук, салтты эске алалы

29 июля 2021 13:56 2656 Barometr
Поделиться в:
ok

“Балдар жөнүндө кодексти кабыл алган кезде биз кыргыз экенибизди унутуп калдык”,-деп айтты «Бир Бол» фракциясынан депутат Улукбек Ормонов бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында.Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

“Кодекске биз балдар ата-энесин сотко бере алат деп жазып койдук. Биз батыштын баалуулуктарын өзүбүздүкүнөн жогору коюп жана ата-энебизди урматтоо деген түшүнүктү, алардан кандай тарбия алганыбызды унутуп койдук. Келгиле мыйзамдарды кабыл алууда өзүбүздүн баалуулуктар менен салттарды эске алалы. Мындай мыйзамдар менен биздин жаштардын ата-энеге карата мамилесин жок кылабыз”,-деп айтты депутат.

Жогорку Кеңеш Балдар жөнүндө кодекстин жана ага байланыштуу бир катар мыйзам долбоорлорунун топтомун экинчи окууда карады.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/ulukbek-ormonov-kodekske-biz-baldar-ata-enesin-sotko-bere-alat-dep-zhazyp-kojduk-saltty-eske-alaly



Добавить комментарий