Жогорку Кеңеш, УКМК дагы кайсы жерлерге митинг өткөрүүгө тыюу салынды

29 август 2022 17:44 898 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бишкек шаарынын бир нече жерлерине митингдерди өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 12-апрелиндеги чечиминин негизинде Россия Федерациясынын элчилигинин имаратынын жанында, Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин, Кыргыз республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  имараттарынын жанында тынч чогулуштарды өткөрүүгө  тыюу салынган.

"Тынч чогулуштар 2022-жылдын 12-апрелинен 1-сентябрына чейин  Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Максим Горький аянтында өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды соттун чечиминин талаптарын аткарууну чын жүрөктөн суранат", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-ukmknyn-dagy-bir-neche-mekemelerdin-aldyna-miting-tkrg-tyyuu-salyndy



Добавить комментарий