“Мыйзамдагы уурулар” 2026-жылга чейин кримтөбөл шайлоого мораторий киргизишти

26 апрель 2019 08:43 3416 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мыйзамдагы уурулар 2026-жылга чейин жаңы уруу шайлабоо чечимин киргизишти. Бул тууралуу «Росбалт» кабарлады.  

Түркиянын Стамбул шаарында жакында өткөн ири жыйында 30дан ашык криминалдык авторитеттер чогулган.

Алар мафиози Давид Чхиквишвили (Дато Сургутский) менен Теймураз Немсицверидзенин (Црип) кылык-жоруктарын талкуулашып, Цриптин титулун алып салышты.

Мындан тышкары чогулгандар Армениянын Евраван шаарынын “сходкасынын” жаңы мыйзамдагы ууруну шайлоого мораторий киргизүү тууралуу чечимин бир ооздон колдошту.

Жаңы жыйын 2026-жылы Россиянын кылмыш дүйнөсүнүн лидери Захар Калашов (Шакро Молодой) колониядан чыккандан кийин анан болот. Жана  башка бирөөгө жаңы таажы кийгизүүгө ошол мезгилге чейин тыюу салынат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/myjzamdagy-uurular-2026-zhylga-chejin-krimtbl-shajloogo-moratorij-kirgizishti



Добавить комментарий