Мыйзам талаптарын аткарбаган чиновниктерди жоопкерчиликке тартуу керек деди депутат

15 ноябрь 2018 11:35 1010 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Мыйзам талаптарын аткарбаган чиновниктерди жоопкерчиликке  тартуу керек. Мындай сунушун депутат Кенжебек Бокоев бүгүнкү Жогорку Кенештин жыйынында билдирди. 

"Мыйзамды бузган жөнөкөй жарандар соттолот, ал эми мыйзамды аткарбаган аткаминерлер жоопкерчиликке тартылбай эле келе жатышат. Мисалы жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлангандан бери эки жылдай өттү. БШК ушул убакытка чейин 8миңдей депутаттарга төш белгини бере албай келет. Бул жерде мыйзамдын ченемдери бузулуп жатат"-деди депутат. 

Ссылка: https://barometr.kg/myjzam-talaptaryn-atkarbagan-chinovnikterdi-zhoopkerchilikke-tartuu-kerek-dedi-deputat



Добавить комментарий