Мушкер Азат Үсөналиев дүйнө Кубогу мелдешинде жарым финалга чыкты

12 декабрь 2019 21:17 3627 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бокс боюнча мунай өндүрүүчү мамлекеттердин дүйнө Кубогу мелдешинде кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев жарым финалга чыкты.

Бул тууралуу жеринен Кыргызстан улуттук курамасынын машыктыруучулар кеңешинин мүчөсү Шайлообек Атазов “barometr.kg” сайтына билдирди.

Анын айтымында Азат атаандашы өзбекстандык Достон Ходжаевди толук артыкчылык менен уткан.

Азат Үсөналиев беттештин башынан эле демилгени колго алды. Мыкты тактикалык кадамдарды жасады. Ыкчам чабуул, прессинг менен атаандашына үстөмдүк көрсөттү. Калыстар бир добуштан жеңишти Азатка ыйгарышты”, - деди Атазов.

Эске сала кетсек, мелдеш Орусиянын Белоярск шаарында өтүп жатат. 52 кг салмакта күч сынашып жаткан Азат Үсөналиев буга чейин 8/1 финалда азербайжандык мушкер Ядигар Алиевди жеңип алган.

Ссылка: https://barometr.kg/mushker-azat-snaliev-djn-kubogu-meldeshinde-zharym-finalga-chykty



Добавить комментарий