Мурдагы министр Молдомуса Конгантиевдин жубайы каза болду
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин өмүрлүк жары Базаркүл Нурбаева дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“ИИМдин коллегиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана ички иштер министрлигинин өздүк курамы 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп иштеген, милициянын генерал-лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин өмүрлүк жары Базаркүл Нурбаеванын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат”, - деп айтылат маалыматта.
Молдомуса Конгантиев 2008-жылдан тарта 2010-жылга чейин Кыргызстандын ички иштер министри болуп эмгектенген.
Ссылка: https://barometr.kg/murdagy-ministr-moldomusa-kongantievdin-mrlk-zhary-kaza-boldu
Добавить комментарий ×