Мурдагы каржы полициясы ишкерди коркутуп 3 млн сом талап кылууга шектелип кармалды

27 октябрь 2022 11:05 819 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ишкерден ири суммадагы акча каражатып опузалап талап кылган Баткен облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, октябрь айынын башында ИИМдин Тергөө кызматына Баткен облусунун тургуну май айынан ушул күнгө чейин шантаж жолу жана  физикалык күч менен коркутуп, 3 000 000 сом акча каражатын опузалап талап кылып жаткан бейтаныш жаранга карата мыйзам чегинде чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

“Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча  кылмыш ишин козгогон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары  ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу боюнча бөлүмүнүн   кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Кылмышкердин табити барган сайын күчөп, Бишкектен эки батир, акча талап кылган. Алардан тышкары ал кийинчерээк ири өлчөмдө акча алып келүүнү талап кылган.

25-октябрында  ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери иш-чараларын жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө 100 000 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, ошондой эле жалпы баасы 200 000 АКШ долларын түзгөн эки батирди алып жаткан жеринен шектүүнү кармашкан. Кармалган жаран Баткен облусунун 1974-жылы туулган тургуну Д.Д болуп чыкты. Ал мурдагы каржы полициясынын кызматкери жана мурда бир нече жолу соттолгон. Кармалган жаран  Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/murdagy-karzhy-policiyasynyn-kyzmatkeri-ishkerden-korkutup-3-mln-som-talap-kyluuga-shektelip-karmaldy



Добавить комментарий