Мурдагы аялын бычактап өлтүрүп, Өзбекстанга качып кеткен жаран кармалды
Ошто мурдагы аялын бычактап өлтүрүп, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, адам өлтүрүүгө шектүү 1990-жылы туулган Ж.И. коӊшу Өзбекстандын Анжиян облусунун аймагынан, жергиликтүү укук коргоо органдары менен биргелешкен издөө иш аракеттеринин натыйжасында өткөн жумада колго түшүрүлүп, Ош шаарына алынып келинген.
“Учурда анын үстүнөн адам өлтүрүү беренеси (122-берене) менен кылмыш иши тергелүүдө.
Кылмыштуу окуя Ош шаарынын ушул жылдын 3-октябрында катталган. Шектүү 1990-жылы туулган Ж.А. өзүнүн мурдагы аялын өлтүрүү максатында ал жашаган үйгө барып, аялды бир нече ирет денесине бычак сайып, изин жашырып кеткен. Жабырлануучу 1998-жылы туулган аял окуя болгон жерде көз жумган”, - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/murdagy-ayalyn-bychaktap-ltrp-zbekstanga-kachyp-ketken-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×