Мурда издөөдө жүргөн милиция кызматкери 2500миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалды
Мурда издөөдө жүргөн милиция кызматкерлери пара талап кылып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматта берилгендей, Бишкек шаарынын Шопоков менен Иваницина көчөлөрүнүн кесилишинен Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын 1988-жылы туулган Е.А. аттуу кызматкери, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мурдагы кызматкери, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана пара талап кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн 1982-жылы туулган Н.У., Ленин РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын мурдагы кызматкери, алдамчылык менен издөөдө жүргөн 1980-жылы туулган Ж.Т. аттуулар 2500 АКШ долларын накталай алып жаткан жеринен кармалышты. Аларга өздүк кароо жүргүзүү учурунда 2500 АКШ доллар суммасындагы акча каражаты табылды.
Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка дагы жактарды тактоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Иликтөөнү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы жүрүзүүдө. Жогоруда көрсөтүлгөн милиция кызматкерлер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
"ИИМдин ички чалгындоо кызматы укук коргоо органдарында иштеп туруп мыйзам бузуп, ИИМдин аброюн түшүргөн кызматкерлерден тазалануу ишин улантат", - дейт маалымат катчы.
Добавить комментарий ×