“Мунабия” тасмасы Лондондо өткөн кино фестивалда баш байгеге ээ болду

29 июнь 2021 14:58 1792 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын “Мунабия” тасмасы Лондондо өткөн кино фестивалда баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу тасманын режиссеру Таалайбек Кулмендеев социалдык баракчасы аркылуу маалымдады.

“Лондондон жагымдуу кабар келди”,- деп жазды ал.

“Eurasian Creative Guild-2021” эл аралык кинофестивалында “Мунабия” тасмасы "Эң мыкты көркөм фильм" наамына татыган.

Аталган тасмада Мунабиянын ролун актриса жана модель Мээрим Атантаева аткарган.

Тасма белгилүү жазуучу Казат Акматовдун "Мунабия" чыгармасынын негизинде тартылган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/munabiya-tasmasy-londondo-tkn-kino-festivalda-bash-bajgege-ee-boldu



Добавить комментарий