Москвада кыргызстандык жаранды тоноп кетишти
Бөлүшүү:
Москвада кыргызстандык жаранды тоноп кетишти. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, кечээ, 4-октябрда Екатеринбург шаарында белгисиз адамдар кыргызстандык адамды тоноп, бир нече миллион рублин алып кетишти.
Окуя саат 17:30 чамасында банктын жанында болгон. Банкка кирип бара жаткан 1992-жылы туулган адамды беткапчан 3 адам травматикалык тапанча менен бир нече жолу атышкан. Андан кийин анын бир нече миллион рубль акчасын алып, жеңил унаа менен из жашырып кетишкен.
Бул окуя боюнча видео байкоого тушүп калган.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyzstandyk-zharandy-tonop-ketishti
Добавить комментарий ×