Москвада кыргызстандык акушерка аборт кылам деп баланын башын кесип салган

13 июль 2021 11:27 2432 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москванын Замоскворецкий райондук соту 52 жаштагы кыргызстандык Калбубу М.га карата өкүм чыгарды. Аял жашыруун аборт жасап төрөлө элек баланын башын кесип салган. Бул тууралуу «Московский комсомолец» басылмасы берген маалыматка шилтеме кылып “Барометр” билдирет.

Айып коюучу тараптын версиясы боюнча 2020-жылы ага кыргызстандык, үч баланын энеси кайрылган. Ал акушерканы интернет жарыя аркылуу тапкан. Төртүнчү баласын аял материалдык оор жагдайдан улам боюнан алдырууну көздөгөн.

Калбубу 30 миң рублге медициналык мекемеден тышкары жерде аялдын абортун жасап берем деп макул болгон.19-20 апталык түйүлдүктү аборт кылгысы келген аял Большая Полянка көчөсүндөгү кабинеттердин бирине келген.

Аялдын аборту ийгиликсиз аяктап түйүлдүктүк башы кесилип ичинде калып калган, ошондой эле органдарына жаракат келтирилген, ички органдарына кан толуп кеткен.

Аялды ооруканага жеткиришип, чукул операция жасалып аман калган.

Калбубу сотто кылган күнөөсүн мойнуна алды, ал эки жылга кесилди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyzstandyk-akusherka-abort-kylam-dep-zhatyp-balanyn-bashyn-kesip-salgan



Добавить комментарий