Монголиянын президенти расмий иш сапар менен Кыргызстанга келет
Бөлүшүү:
Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга 12-13-июнда расмий иш сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда болгон басма сөз жыйынында КРнын президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, иш сапар президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен болот. Монголиянын президенти Кыргызстандын мамлекет башчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы жана өкмөт башчы менен жолугушат.
Иш сапарда экономика, саламаттыкты сактоо, коргоо жана коопсуздук, эл аралык байланыштар жаатында жети-сегиз документке кол коюу күтүлүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/mongoliyanyn-prezidenti-rasmij-ish-sapar-menen-kyrgyzstanga-kelet
Добавить комментарий ×