Өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн чет элдик жаран кыргыз кызын зордуктоого аракет кылганга шектелип кармалды

8 май 2023 14:43 858 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдө өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Монголиянын жараны зордуктоого аракет кылганга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, милицияга Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну өзүн зордуктоого аракет кылган чет элдик жаранга чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. 

“Арыз ээси түнкү саат 01:00дөр чамасында эс алуу жайларынын биринде анын чала таанышы Монголиянын жараны мас абалында зордуктоого аракет кылганын билдирген. Кыздын айтымында, эркек киши аны бетке бир нече жолу чаап, денесине залал келтирген.  

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл райондук милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 36 жаштагы жаранды кармашкан. Ошондой эле ал Я.Г. атту жаран экенин айтып паспортун көрсөткөн.  

Аталган факты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси (Зордуктоого аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон.    

Райондук соттун чечими менен кармалган адамга карата тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Учурда, Ысык-Көл райондук ИИБнин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши аяктап, соттун кароосуна жөнөтүлдү.      

Бул факты боюнча кийинки тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Интерполдун Улуттук борборунун кызматкерлеринин активдүү жардамы менен Кыргыз Республикасынан зордуктоого аракет кылган деген шек менен кармалган 36 жаштагы Я.Г.  өз өлкөсүндө бир катар алдамчылык аракеттери үчүн издөөдө жүргөн 31 жаштагы Монголиянын жараны Д.Л. болуп чыкты.       
Ошондой эле, кылмышка шектүү Д.Л. мекендеши Я.Г.нын паспортун алып, Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.         
Бул факты боюнча чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.         

Материалдар райондук ички иштер бөлүмдөрүндө каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесине (КРнын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) ылайык сотко чейинки өндүрүш иштери козголгон”, -деп айтылат маалыматта.         


Ссылка: https://barometr.kg/z-lksnd-izdd-zhrgn-chet-eldik-zharan-kyrgyz-kyzyn-zorduktoogo-araket-kylganga-shektelip-karmaldy



Добавить комментарий