Монголияда өткөн Азия чемпионатында тогуз коргоолчулар 19 медаль жеңишти

17 август 2023 14:03 1728 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тогуз коргоол боюнча курама команда Азия чемпионатында 19 медаль жеңди. Бул тууралуу “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча курама командасы Монголиянын Баян-Өлгей шаарында өткөн Азия чемпионатында 19 медаль (3 алтын, 2 күмүш, 14 коло) жеңди.
Мелдеш  4-12-август күндөрү  өттү.

Белгилей кетсек, мелдешке 10 мамлекетен келген (Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Бангладеш, Кытай, Филиппин, Орусия Федерациясынын Алтай жана Саха Республикалары, Өзбекстан, Туркия, Туркмөнстан) 200гө жакын  спортчулар  катышты.  

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1-орун:

- Бактыбекова Айзада  -  (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);

- Сейдахматов Баимбет - (классика 19 жаштар Бишкек шаары);

- Садырова Нургыз - (классика 14 жаш Ысык-Көл облусу).

2-орун

- Сазаев Кубан -  (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);

- Закирова Айжан -  (блиц 14 жаш Ош облусу).

3-орун

- Джамакеев Анарбек  -  (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);

- Шамбетова Алтынай  - (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);

- Жамансартова Азиза - (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);

- Сагыналиева Гулайым -  (классика 19 жаш Бишкек шаары);

- Султашев Нурэл - (классика 14 жаш Ысык-Көл облусу);

- Рахманов Динислам - (классика 14 жаш Ош шаары);

- Джамакеев Анарбек – (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);

- Сыргак уулу Сырттан Блиц чоӊдор (Курама жаат мүчөсү);

- Асейева Адина (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);

- Кудайбердиев Марсель (19 жаш Бишкек шаары);

- Султашов Ислам (блиц 19 жаш Ысык-Көл);

- Асанкулова Эркежан (блиц 19 жаш Бишкек шаары);

- Сманова Аэлита (блиц 19 жаш Чүй облусу);

- Жеӊишбеков Алмазбек (14 жаш Ош шаары).

Ссылка: https://barometr.kg/mongoliyada-tkn-aziya-chempionatynda-toguz-korgoolchular-19-medal-zheishti



Добавить комментарий