Монголиянын президенти расмий иш сапар менен Кыргызстанга келет

6 июня 2019 12:36 1014 Barometr
Поделиться в:
ok

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга 12-13-июнда расмий иш сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда болгон басма сөз жыйынында КРнын президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, иш сапар  президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен болот. Монголиянын президенти Кыргызстандын мамлекет башчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы жана өкмөт башчы менен жолугушат.

Иш сапарда экономика, саламаттыкты сактоо, коргоо жана коопсуздук, эл аралык байланыштар жаатында жети-сегиз документке кол коюу күтүлүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/mongoliyanyn-prezidenti-rasmij-ish-sapar-menen-kyrgyzstanga-kelet



Добавить комментарий