Мончо менен спорт залдар дагы иштейби?
Бөлүшүү:
Кыргызстанда 11-майдан тарта өзгөчө абал алынып, ондон ашык тармак ишин жандантты. Өзгөчө абал алынганы менен өзгөчө кырдаал менен карантин режими дагы деле сакталат. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов санитардык-карантиндик режимди сактабагандарга айып пул салынарын эскертти. Анын ичинде шаар ичинде беткабы жок жүргөн учурда миң сомдон 5 миң сомго чейин айып салынат.
Бишкек шаарында 11-майдан тарта айрым тармактардын иштөөсүнө уруксат берилгени менен бир катар иштерди жандандырууга уруксат бериле элек. Уруксат берилбеген, тыюу салынган тармактардын толук тизмеси.
- калкты тейлөө борборлору;
- калкты тиричилик тейлөө чөйрөлөрү (бут кийим оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо);
- соода-сатык чөйрөсү (соода борборлору, кийим-кече базарлары жана дүкөндөрү, автоунаа базарлары);
- жеке репетиторлордун кызматтары;
- жеке үй-бүлөлүк мончолор жана СПА-борборлордун кызматтары;
- коомдук унаа;
- спорт залдар.
Ссылка: https://barometr.kg/moncho-menen-sport-zaldar-dagy-ishtejbi
Добавить комментарий ×