Мончо менен спорт залдар дагы иштейби?

11 мая 2020 17:23 1950 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда 11-майдан тарта өзгөчө абал алынып, ондон ашык тармак ишин жандантты. Өзгөчө абал алынганы менен өзгөчө кырдаал менен карантин режими дагы деле сакталат. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов санитардык-карантиндик режимди сактабагандарга айып пул салынарын эскертти. Анын ичинде шаар ичинде беткабы жок жүргөн учурда миң сомдон 5 миң сомго чейин айып салынат.

Бишкек шаарында 11-майдан тарта айрым тармактардын иштөөсүнө уруксат берилгени менен бир катар иштерди жандандырууга уруксат бериле элек. Уруксат берилбеген, тыюу салынган тармактардын толук тизмеси.

  • калкты тейлөө борборлору;
  • калкты тиричилик тейлөө чөйрөлөрү (бут кийим оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо);
  • соода-сатык чөйрөсү (соода борборлору, кийим-кече базарлары жана дүкөндөрү, автоунаа базарлары);
  • жеке репетиторлордун кызматтары;
  • жеке үй-бүлөлүк мончолор жана СПА-борборлордун кызматтары;
  • коомдук унаа;
  • спорт залдар.

Ссылка: https://barometr.kg/moncho-menen-sport-zaldar-dagy-ishtejbi



Добавить комментарий