Молдовановка айылындагы абактан аскер өзүн өзү атып каза болду

29 июль 2022 14:32 1190 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Молдовановка айылындагы №27- түзөтүү мекемесинен аскер өзүн өзү атып каза болду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 29-июль күнү эртең менен саат 08:30дар чамасында болгон.

"Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №27- түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүнө катардагы жоокер А.К.С. өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, натыйжада алган жараатынан ошол жерден каза болгон.

Учурда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө амалдарын жүргүзүүдө", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/moldovanovka-ajylyndagy-abaktan-asker-zn-z-atyp-kaza-boldu



Добавить комментарий