Moderna: Коронавирус пандемиясы 2022-жылдын күзүндө аяктайт

24 сентябрь 2021 13:05 1059 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирустун пандемиясы бир жылдан соң аяктап, адамдар кадимки жашоосуна кайтып келет. Мындай прогнозду Американын Moderna фармацептикалык компаниясынын башкы директору Стефан Бансель билдиргенин РИА Новости булагына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Банселдын айтымында, дүйнөдө вакцина өндүрүүнүн өсүп жатышын эске алганда коронавирустун пандемиясы 2022-жылдын күзүндө соңуна чыгат.

“Кийинки жылы эмдөө вакциналары жетишерлик болгондуктан Жер шаарынын баардык калкы эмделет”,-деп айтты башкы директор.

Ошондой эле ал эмдөө албагандар баары бир коронавиурсту жуктуруп ала турганын, анткени дүйнөдө азыр абдан эле жугуштуу болгон дельта-штамм басымдуулук кылып жатканын кошумчалады.

“Кадимки жашоого бир жылдан кийин кайтып келишибиз толук мүмкүн” деди Бансель.

Ссылка: https://barometr.kg/moderna-koronavirus-pandemiyasy-2022-zhyldyn-kznd-ayaktajt



Добавить комментарий