ДСУ: Дүйнө коронавирус оорусунун эң жогорку чегинен өттү
Дүйнө коронавирус менен ооругандардын эң жогорку чегинен өттү, бирок COVID-19дун жайылышынан кабатыр болбой калбаш керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ” эксперти Мария ван Керкхов билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
ДСУнун эксперти коронавирус мурдагыдай эле күчтүү экенин белгиледи. Керкховдун айтымында, ооругандардын саны азайганы менен ар бир аптада 4,5 миллиондон адам ооруну жуктуруп, каза тапкандар жумасына 68 миңдин тегерегинде болуп жатат.
“Биз оорунун платосуна (оорунун туу чокусуна) жеттик”,-деди адис.
Буга чейин ДСУнун башчысы күзүндө жаңы пандемияга даярдык көрүү керектигин эскерткен болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/dsu-djn-koronavirus-menen-oorugandardyn-e-zhogorku-cheginen-tt
Добавить комментарий ×