Модель Бегимай Карыбекова коронавирус менен күрөшүү үчүн ыктыярчы болду (Сүрөт)

8 июль 2020 13:30 3202 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык атактуу модель Бегимай Карыбекова коронавирус менен күрөшүүчү үчүн ыктыярчы топко кошулду. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып «Барометр» билдирет.

Маалыматка ылайык, модель коронавирустун очогу болгон кызыл зонага чейин кирип, көмөк көрсөтүүдө.

“Биз медиктерге жардам берип, коронавируска кабылган бейтаптар менен түздөн-түз байланышта болуп жатабыз. Биздин топто 170 адам, алардын 30у эң активдүүлөр”, - деп жазган Карыбекова.

Ошондой эле, учурда жардам берүүгө адамдар жетишсиз болуп жатканын белгилеп, кайдыгер карабаган мекендешерин биригүүо чакырып өттү.

Эскерте кетсек, Бегимай Карыбекова - “Мисс Кыргызстан – 2017” сынагынын жеңүүсүсү, “Аалам сулуусу – 2018” сынагынын катышуучусу жана италиялык “Emporio Armani” брендинин модели.

Ссылка: https://barometr.kg/model-begimaj-karybekova-koronavirus-menen-krshch-chn-yktyyarchy-boldu-srt



Добавить комментарий